Бугу 17, 2024
Убакыт: 03:11
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Кара-Суу районунда изи суй электе каракчылык фактысы менен 3 жаран кармалды

13.09.2022 14:03
646
Кара-Суу районунда изи суй электе каракчылык фактысы менен 3 жаран кармалды

Кара-Суу районунда изи суй электе каракчылык фактысы менен 3 жаран кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 11-сентябрь күнү Кара-Суу райондук Ички иштер бөлүмүнүн Кылмыш иликтөө бөлүмчөсүнүн кызматкерлеринин жүргүзгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында Кара-Суу шаарында каракчылык кылган жарандар кармалды. Иликтөө иштеринин натыйжасында 11-сентябрь күнү бул ишке шектүү үч адам кармалды. Алар: Өзбекстан Республикасынын жарандары, Ош шаарынын убактылуу жашоочулары 25-жаштагы М.А., 29 жаштагы А.С., жана Кара-Суу районунун убактылуу жашоочусу 25 жаштагы Н.М., экендиги аныкталган. Кылмышка шектүүлөр Кара-Суу РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Бул факты Кара-Суу РИИБдин Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 207-берененин негизинде (Каракчылык) кылмыш иши козголуп, тийиштүү экспертизалар дайындалган.

Бул кылмышка шектүүлөр төмөндөгү факты боюнча шектүү катары өтүп жатышат.


2022-жылдын 11-сентябрь күнү саат 07:00 чамасында Кара-Суу РИИБге кабар келип түшкөн, анда Кара-Суу шаарынын убактылуу жашоочулары Кытай Эл Республикасынын жараандары 1997-жылы туулган Л. Ц., жана 1991-жылы туулган Л. Ж., жашап жаткан батирине бет капчан эки атуул колдоруна бычактары менен куралданып басытырып киршип, үйүнүн ичинен 1500 (бир миң беш жүз) АКШ долларын жана 50 000 (элүү миң) сом болгон акча каражаттарын карактап алып чыгып белгисиз тарапка изин жашырып качып кетишкендигин билдиришкен.


Учурда кылмышка шектүүлөр мындан башка да кылмыш иштерине катыштыгы бар же жок экендиги текшерилүүдө. Тергөө ууланууда.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн