Бугу 04, 2024
Убакыт: 21:19
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Кара-Суу районунда милиция кызматкерлери массалык мушташтын алдын алууга жетишти

13.12.2022 09:51
516
Кара-Суу районунда милиция кызматкерлери массалык мушташтын алдын алууга жетишти

Кара-Суу шаарында милиция кызматкерлери мушташуунун алдын алышты. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, кечээ, 12-декабрда болжол менен саат 12:55 чамасында ИИМдин Ыкчам чара көрүү борборунун видеокөзөмөл камералары тарабынан жол кырсыгынан улам чыккан эки айдоочунун мушташы аныкталган.


Ошол замат Ыкчам чара көрүү борборунун кызматкерлери бул маалыматты аймактык ички иштер башкармалыгына өткөрүп беришкен.


Окуя болгон жерге ыкчам-иликтөө тобу барышып, окуя болгон жерге барганда Кара-Суу шаарында жайгашкан Оомат базарынын жанында жол кырсыгынын кесепетинен эки айдоочунун ортосунда чыр чыгып, мушташка айланганы тууралуу алгачкы маалыматтар алынган. Андан соң милиция кызматкерлери айдоочулардын ортосундагы мушташуунун алдын алышкан.


Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн