Кара-Суу районунда мыйзамсыз аң уулоо фактысы аныкталды. Блу тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, 5-октябрда Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Ош регионалдык башкармалыгынын инспекторлору NABU уюмунун кызматкерлери менен биргеликте Кырк-Кечүү участкасында рейд жүргүзүштү.
Рейддин жүрүшүндө аң уулоо эрежелерин бузуп, 6 баш кекилик аткан жаран аныкталды.
Ага Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 261-беренесинин негизинде 10 миң сом айып пул салынды. Мындан тышкары, келтирилген экологиялык зыян үчүн жалпы 12 миң сом өлчөмүндө доо коюлду.
Ошондой эле рейд маалында аңчылыкка чыккан бир нече жарандар менен жаныбарлар дүйнөсүн коргоо жана сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.
Кызмат жарандарды жаратылышка аяр мамиле кылууга, ошондой эле аңчылык эрежелерин так сактоого чакырат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн