Бугу 16, 2024
Убакыт: 13:23
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Кара-Суу районунда түндө үй ээсин коркутуп, каракчылык кылган жаран кармалды

Кара-Суу районунда түндө үй ээсин коркутуп, каракчылык кылган жаран кармалды

Кара-Суу районунда каракчылык кылган жаран кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин Басма сөз кызматы кабарлады.


Маалыматка таянсак, 2022-жылыдын 26-октябрь күнү Кара-Суу райондук Ички иштер бөлүмүнүн Кылмыш иликтөө бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында каракчылык фактысы менен кылмышка шектүүнүн өздүгү аныкталып, Ноокат районунун тургуну 29 жаштагы Ж.уулу Д., Ош шаарынан кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилди. 


Аталган факты Кара-Суу РИИБдин кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш жаза кодексинин 207-берененин ( Каракчылык) негизинде кылмыш иши козголгон.


Кармалган жаран төмөнкү факты боюнча өтүп жатат: 2022-жылдын 22-октябрдан 23-октябрына караган түнү болжол менен 02:00 чамасында жабырлануучу Кара-Суу районунун тургуну 52 жаштагы А.Т., атуу жарандын үйүнө кирип, коркутуп, уруп бөлмөсүнөн 47 000 ( кырк жети миң) сом акчасын алып, окуя болгон жерден качып кеткендиги боюнча арыз келип түшкөн. Учурда тергөө амалдары уланууда. 


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн