Бугу 04, 2024
Убакыт: 19:56
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Кара-Суу районунда турак үйдөн өрт чыгып жанындагы дүкөнгө да өткөн

Кара-Суу районунда турак үйдөн өрт чыгып жанындагы дүкөнгө да өткөн

Бүгүн, 6-июнда Кара-Суу районунда турак үйдөн өрт чыгып жанындагы дүкөнгө да өткөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирет.


Маалыматка ылайык,  түнкү саат 2:15 чамасында Кара-Суу районунун Шарк айыл өкмөтүнө караштуу Падаван айылынын Көк-Таш көчөсүндө турак жайдан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.


Өрт кырсыгы ири болгондуктан, жерине КР ӨКМнин 4 өрт өчүрүүчү бөлүмү тартылган. 

Тилсиз жоонун кесепетинен жалпы аянты 300 чарчы метр болгон жыгач устундуу шифер менен жабылган турак үйдүн жана жанына жанаша жайгашкан дүкөндүн чатыры күйгөн.


Өрт саат 02:55 чектөөгө алынып, толук 04:24 өчүрүлдү. 


Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.


Кырсыктан жабыркагандар жок.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн