Кара-Суу районунда жазгы талаа иштери кызуу жүрүп жатат. Бул тууралуу Кара-Суу районунун акими Тилек Матраимов билдирди.
Анын айтуусуна караганда дыйкандарга тамак-аш жеткирүү катуу көзөмөлгө алынган.
“Азыркы учурда Кара-Суу району боюнча жазгы талаа иштеринде жүгөрү, пахта айдоо кызуу жүрүп жатат. Ал эми тамак-аш азыктарын алып келип коюуга ар бир райондо атайын кампалар даярдалган. Айыл өкмөттөрү ошол кампалардан тамак-аш азыктарын жер-жерлерге жеткирип беришүүдө. Алардын баалары туруктуу бойдон сакталууда”, - деди Матраимов.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн