Бугу 04, 2024
Убакыт: 12:29
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Кара-Суу районундагы атышуу боюнча иликтөө жүрүп жатат

Кара-Суу районундагы атышуу боюнча иликтөө жүрүп жатат

Ош облусунун Кара-Суу районундагы атышуу боюнча иликтөө жүрүп жатат. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.


Кечээ, 27-январда Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнө Нариман айыл аймагында октон жараланган эки жаран ооруканага жаткырылганы боюнча маалымат түшкөн. Факт кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө башталган.


Алгачкы маалыматта белгилүү болгондой, 27-январда саат 19:15 чамасында 30-35 жаштардагы камуфляж кийген куралчан адамдар Mercedes-Benz-Vito унаасы менен Наримандагы турак үйлөрдүн короосуна кирип келишип, короодон Toyota Land Cruiser-200 унаасын айдап чыгып бараткан эки жигитти атып салып, качып кетишкен.

Ок 32 жаштагы М.А.нын курсагына жана 21 жаштагы Т.А.нын бутуна тийген. Жараат алган жарандар ооруканага кайрылышкан.

Бул факт Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренеси (каракчылык) менен катталып, кылмыш иши козголгон.


Ыкчам операциялардын жүрүшүндө ошол эле күнү 23:21 чамасында кылмышка шектүүлөрдүн унаасы жети орундуу Mercedes-Benz-Vito Ош шаарынын Ош көчөсүндөгү Ак-Буура дарыясына салынган көпүрөнүн үстүнөн табылган.

Учурда кылмышка шектүүлөрдү издөө иштери жүрүп жатат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн