Бугу 07, 2024
Убакыт: 14:20
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

Кара-Суу районунун тургунунан жардыруучу зат жана курал алынды

07.10.2021 09:39
772
Кара-Суу районунун тургунунан жардыруучу зат жана курал алынды

Кара-Суу районунда жардыруучу зат жана ок атуучу куралдар алынды. Бул жөнүндө Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.


2021-жылдын 30-сентябрь күнү Кара-Суу РИИБдин криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан ок атуучу курал жарактарды мыйзамсыз алып жүргөн жарандарды аныктоо максатында, ыкчам иликтөө иш-чара жүргүзүлгөн. Иш-чаранын алкагында Кара-Суу районунун Савай айылында, ошол эле айылдын тургуну 43 жаштагы З.О., аттуу жаран кармалган. Текшерүүнүн жүрүшүндө З.Онун көтөрүп жүргөн спорттук баштыгынан эки найлуу (стволу), эки даана найлары (стволу) кесилген абалда ок атуучу куралдар жана граната алынган.


Аталган факт кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кыргыз Республикасынын жазык кодексинин 253-берененин (куралды, ок дарыларды мыйзамсыз жүгуртүү) негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынып, тийиштүү экспертизалар дайындалган. Тергөө иштери уланууда.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн