Чын курандын 28, 2024
Убакыт: 15:30
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Кара-Суу шаарынын мэри Арстан Жолдошовго кылмыш иши козголгонбу?

23.11.2023 10:51
382
Кара-Суу шаарынын мэри Арстан Жолдошовго кылмыш иши козголгонбу?


Башта Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүн башкарып, аягы ызы-чууга кабылып, кылмыш иши козголуу менен Арстан Жолдошов четтетилгенби? Эсиңердеби? Убакыттын өтүшү менен артын тазалап, кайрадан мамлекеттик кызматка башын малганы таңгалдырат. Учурда Арстан Жолдошов Кара-Суу шаарынын мэри катары иштеп атат. Билими, тажрыйбасы жетпесе да дүңүрөңдөп, жүрүп бараткандай түр көрсөткөнү кызык. Эми биздеги “перспективалуу” кадрлар – кечээ кылмыш иши козголгондор, деңгээли талапка ылайык эместер, тааныш-билиш менен чоңойгондор болсо, арманыңарды кимге айтасыңар? “Балык башынан сасыйт” демекчи, Ош облусунун губернатору Элчибек Жантаев өзү милдетин эптей албай атса, кол астындагы кызматкерлерин кайдан көзөмөлгө алсын? “Эшегине жараша тушагы” деген кеп бекер айтылбаса керек. 


Булак: "Азия Ньюс" гезити


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн