УКМКнын төрагасы, өкмөттүн чек ара боюнча делегациясынын башчысы Камчыбек Ташиев бүгүн, 26-апрелде Ала-Букада жолугушуу өткөрөт. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар билдирди.
Кечээ Ала-Бука районунун тургундары Гавасай аймагы боюнча нааразылык билдирип, Камчыбек Ташиевдин келип түшүндүрмө беришин талап кылган.
Буга чейин УКМК төрагасы Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча нааразы болгон Кара-Суу жана Өзгөн райондорунун тургундары менен жолугушуу өткөргөн.
Пикирлер (1)