Бугу 15, 2024
Убакыт: 18:30
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Кара-Сууда 30 жаштагы жигит 6 жашар кызга ыплас иш-аракеттерди кылган деп шектелүүдө

18.08.2020 16:52
1092
Кара-Сууда 30 жаштагы жигит 6 жашар кызга ыплас иш-аракеттерди кылган деп шектелүүдө

 

Кара-Суу районунда 30 жаштагы жаран 6 жашар кызга ыплас иш-аракеттерди кылган деп шектелип кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, окуя 11-июль күнү болжол менен саат 11:30 чамасында Кара-Суу районунун Нариман айыл өкмөтүнө караштуу айылдардын биринде орун алган. Анда 1996-жылы туулган М.А. аттуу жарандын 6 жашар кызы үйүнүн жанында ойноп жаткан жеринен белгисиз жаран өзүнүн башкаруусундагы "Daewoo Lacetti" үлгүсүндөгү унаасына атайлап алдап салып, кызга карата ыплас аракеттерди жасап денесине жараат келтирди деп кыздын апасы милицияга кайрылган.


Ыкчам-тергөө тобу тарабынан аталган окуяга тиешеси бар делинип, 1991-жылы туулган Ош шаарынын тургуну Н.З. кармалган. Далил буюм катары "Daewoo Lacetti" унаасы алынып, айып короосуна токтотулган.


Ал эми шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ошону менен аталган иш боюнча шектүүнүн айыбы толугу менен далилденип аталган сотко чейинки өндүрүш иши 28-июль күнү тиешелүү соттук кароого жиберүү үчүн Кара-Суу райондук прокуратурасына жиберилген. Учурда бул иш соттун кароосунда.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн