Бугу 21, 2024
Убакыт: 00:25
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Кара-Сууда “Лексус GX 470” унаасын уурдап кеткен жаран кармалды

08.07.2020 17:22
1087
Кара-Сууда “Лексус GX 470” унаасын уурдап кеткен жаран кармалды


Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан 4-июль күнү автоунаа каражатын айдап качууга шектүү жаран кармалды.


Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, 2020-жылдын 3-июлунда Кара-Суу районунун Фуркат айылынын тургуну 1970-жылы туулган Б.У. арыз менен кайрылган. 


Арызда 3-июль күнү саат 20:30дар чамасында Кара-Суу районунун Шарк айыл аймагынын Фуркат айылынын жашоочусунун турак жайынын короосу тосулган дубалдан ашып өтүп, терезе аркылуу үйдүн бөлмөсүнө кирип, терезеде турган ачкычты алып, турак-жайдын гаражында турган күмүш түстөгү “Лексус GX 470” үлгүсүндөгү авто унаасын эч кимге билдирбестен, жашыруун түрдө айдап чыгып кеткенин билдирген.


Бул окуя Кара-Суу РИИБдин КЖБР катталып, Жазык кодексинин 206-беренеси (Автотранспорт каражаттарын айдап качуу) негизинде сотко чейинки өндүш иши башталган.


Милиция кызматкерлеринин ыкчам жүргүзгөн иш-чараларынын натыйжасында авто унааны айдап башкарып жүргөн жеринен Отуз-Адыр айылынын тургуну 1998-жылы туулган Г.А. кармалды. Ал жеӊил акча табуу масатында ушундай ишке баргандыгын билдирген.


Кылмышка шектүү азыр учурда Кара-Суу РИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө амалы жүргүзүлүүдө.  

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн