Кара-Суу районунда шайлоочунун добушун сатып алуу фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, ОИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Нариман айыл аймагында белгисиз партиянын өкүлдөрү акча таратып жатканы боюнча маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге оперативдүү топ барып, 25-сентябрда саат 19:30 чамасында 56 жаштагы тургунга саясий партиялардын биринин өкүлү Б, акча салынган 5 конверт бергени аныкталган.
Партиянын өкүлү акчаны үйүндө кармап турууну өтүнүп, андан кийин чогуу таратышарын айткан. С.У. аттуу жаран акчаны милицияга өз каалоосу менен өткөрүп берүүнү чечкен. Жеринде протокол толтурулуп, конверттер алынган. Каражаттын жалпы суммасы 313 миң сомду түзгөн.
Бул факт каттоого алынып, Жазык кодексинин 192-беренеси боюнча өндүрүш иши ачылган. Облустук милициядан кармалган жаран «Мекеним Кыргызстан» партиясынын өкүлү экендигин тастыкташты.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн