Бугу 04, 2024
Убакыт: 15:59
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Кара-Сууда алты адамды басып калган машинанын айдоочусу кармалды

26.06.2022 17:21
518
Кара-Сууда алты адамды басып калган машинанын айдоочусу кармалды


Ош облусунун Кара-Суу районунда алты кишини басып калган оор жүк ташуучу HOWO машинасынын айдоочусу кармалып, милициянын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды. Бул тууралуу 26-июнда облустук Ички иштер башкармалыгы билдирди.

Айдоочу наркологиялык борбордон текшерүүдөн өткөрүлдү. Ал окуя учурунда мас эмес болгону аныкталды. 25 жаштагы айдоочу менен чогуу анын жанында бараткан 20 жаштагы жүргүнчүсү да суракка алынууда.

Кылмыш иши Кылмыш-жаза кодексинин “Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу” беренесинин негизинде козголду.

Кырсык 24-июнда Кара-Суу районунун Нариман айыл өкмөтүнө караштуу Жаңы-Маала айылында болгон. Көмүр ташып келе жаткан машина алты кишини – бир аялды, бир сегиз айлык боюнда бар келинди, үч кичинекей кызды жана бир ымыркайды басып калып, алар ошол замат каза болгон.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн