Бугу 02, 2024
Убакыт: 10:47
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.965

Кара-Сууда айыл чарба жерлерин үй курууга берген мамкызматкерлер кармалды

01.10.2021 11:29
617
Кара-Сууда айыл чарба жерлерин үй курууга берген мамкызматкерлер кармалды


 УКМК Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренеси (Коррупция) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, комплекстүү ыкчам-тергөө иш-чаралардын жүрүшүндө, Нариман айыл округунун башчысы “Н.Х.”, анын шериги “М.С.”, ошондой эле Кара-Суу районунун “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин мурдагы жетекчисинин милдетин аткаруучу “Б.Б.” кармалды.  Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.


Кармалгандар жеке кызыкчылык максаттарын көздөп, Нариман айыл аймагындагы айыл чарба багытындагы жерлерге жеке турак жай куруу үчүн мыйзамсыз сатууну узак убакыт бою жүргүзүп келишкендиги аныкталган.


2021-жылдын 30-сентябрында бул адамдарга кылмыш жасагандыгы жөнүндө билдирүү берилип, КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилишти.


Азыркы учурда бул ишке башка тиешеси бар башка адамдардын бетин ачуу үчүн бардык зарыл болгон ыкчам-тергөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн