Бугу 21, 2024
Убакыт: 03:02
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Кара-Сууда базардын ээси ижарачылардан мыйзамсыз акча чогултуп жүргөн

26.01.2024 14:10
384
Кара-Сууда базардын ээси ижарачылардан мыйзамсыз акча чогултуп жүргөн


"Туратали" аталышында Кара-Суу базарынын аймагында жайгашкан жеке ишмер "К. Жээнбеков" базарынын директору кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында Кара-Суудагы "Туратали" базарынын аймагында дүң жана чекене соода менен алектенген ишкерлерден системалуу түрдө мыйзамсыз акча чогултуу фактылары аныкталды.

Белгиленгендей, жеке ишкер Ж.К.Ш. кызмат абалынан пайдаланып, контейнерди бузуп салам деп коркутуу жолу менен ижара келишимин түзүү жана узартуу үчүн ижарачылардан жыл сайын мыйзамсыз түрдө 5 миңден 10 миң долларга чейин акча талап кылган. Ижарачылар соода түйүнүнөн ажырап калуудан коркуп, мыйзамсыз талап кылынган сумманы ага которууга аргасыз болушкан.

2024-жылдын 24-январында ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө мыйзамсыз талап кылынган 5 миң доллар өлчөмүндөгү акча каражатын которгондон кийин жеке ишкер Ж.К.Ш. кармалып УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Анын жашаган жеринен тинтүү учурунда 135 миң 600 доллар, 1 млн 113 миң 800 сом акча каражаты, алтын буюмдар (сөйкө, шакек), Улуттук банктын 999 үлгүсүндөгү жалпы салмагы 1 кг болгон 10 даана алтын куймалары жана 2017-жылы чыгарылган "Рейндж Ровер" автоунаасы табылып алынды.

УКМК тарабынан чарбакер субъектилерден мыйзамсыз жыйымдарды чогулткандарды алдын алуу боюнча иш-чаралар улантылууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн