Бугу 04, 2024
Убакыт: 19:52
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Кара-Сууда белгисиз адамдар үй ээлерин курал менен аткан

Кара-Сууда белгисиз адамдар үй ээлерин курал менен аткан

Ош облусуна караштуу Кара-Суу районундагы Нариман айыл аймагында эки киши октон жараат алып, ооруканага түшкөн. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, окуя 27-январда болжол менен саат 19:15тер чамасында орун алган. Аталган маалымат Кара-Суу РИИБдин кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө иштери башталган.


"Алгачкы териштирүүнүн жүрүшүндө маалым болгондой, Нариман айыл аймагындагы турак жайлардын бирине 30-35 жаштардагы белгисиз жарандар Mercedes-Benz Vito унаасы менен келип, үйдүн короосуна киришкен. Алардын жанында ок атуучу курал болгон. Үйдүн жашоочулары өздөрүнүн Toyota Land Cruiser 200 үлгүсүндөгү унаасын айдап чыгып баратканда, аларга ок чыгарышкан", - деп айтылат маалыматта.


Ошол эле күнү саат 22:11лер чамасында октон ич тарабына жана бутунан жараат алган 32 жаштагы М.А. жана 21 жаштагы Т.А. Ош шаардык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.


Аталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-Жаза кодексинин 207-берененин негизинде ("каракчылык") кылмыш иши козголгон.


Катталган окуя боюнча Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмү тарабынан “Колго түшүрүү” жана “Чагылган” аталыштагы операциялары киргизилип, кылмышка шектүүлөрдү кармоо боюнча ыкчам-иш чаралар жүргүзүлгөн. Анын жүрүшүндө 27-январда саат 23:21 чамасында Mercedes-Benz Vito үлгүсүндөгү унаа Ош шаарынын Ош көчөсүндөгү Ак-Буура дарыясы аркылуу өтүүчү көпүрөнүн үстүндө токтоп турган жеринен табылып, далил буюм катары Ош ОИИБдин короосуна токтотулган.


Учурда изин жашырып качып кетишкен белгисиз жарандарды тактап, кармоо боюнча ыкчам иш-чаралар улантылууда.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн