Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 19:19
USD
89.00
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.945
0.970

Кара-Сууда бодо малдарды уурдап, сатып жиберген жарандар кармалды

17.10.2022 17:38
420
Кара-Сууда бодо малдарды уурдап, сатып жиберген жарандар кармалды

Ош облусунун Кара-Суу районунда бодо малдарды уурдап, сатып жиберген жарандар кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.


Маалым болгондой, жүргүзүлгөн рейддин жүрүшүндө 2022-жылдын 15-октябрында Кара-Суу РИИБдин Кылмыш иликтөө бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында Кара-Суу районунун аймагында мал жандыктарды уурдап, аларды сатып жиберген жеринен Кара-Суу районунун жашоочулары 27 жаштагы М.Б., 31 жаштагы С.И., жанан 22 жаштагы А.С., аттуу кылмышкерлердин тобу кармалышты.  

Аталган факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш жаза кодексинин 205-берененин (уурдоо) негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары башталган.

2022-жылдын 13-октябрь күнү Кара-Суу РИИБге арыз менен Кара-Суу районунун жашоочулары 51 жаштагы М.К., 42 жаштагы М.М., жана 33 жаштагы З.О., аттуу жарандар кайрылышкан. Анда: өздөрүнө таандык мал жандыктарын белгисиз жарандар уурдап кеткендигин билдиришкен. 



Натыйжада 210 000 (эки жүз он миң ) сом

зыян келтирилип, баары ээлерине кайтарылды.

Бүгүнкү күндө кылмышка шектүү жарандар Кара-Суу РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, шектүүлөр мындан башка кылмыштарга тиешеси бар же жок экендиги текшерилүүдө. 

“Мал уурулук” рейди Ош облусунун бардык райондорунда өткөрүлүүдө.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн