Бугу 10, 2024
Убакыт: 05:33
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Кара-Сууда боор жана бөйрөктү трансплантациялоо борбору ачылат

03.10.2023 09:22
623
Кара-Сууда боор жана бөйрөктү трансплантациялоо борбору ачылат


Кара-Суу районунун Төлөйкөн айылында боор жана бөйрөктү трансплантациялоо борбору ачылат. Бул тууралуу президенттин ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов, преизденттин өкүлү Элчибек Жантаев, Кара-Суу районунун акими Жакыпбек Субакожоевдор "Азия" кайра калыбына келтирүүчү борборунун жетекчилиги, Индия өлкөсүнөн келген “Меданта” клиникасынын дарыгерлери жана атайын өкүлү башында турган делегациянын мүчөлөрү менен жолугушту.

Жолугушууда Төлөйкөн айылында боор жана бөйрөк алмаштыруу борборун ачуу жолдору талкууланды. Борбор боор жана бөйрөк ооруларын алдын алуу жана трансплантациялоого сапаттуу медициналык кызматты жеткиликтүү баада көрсөтүүгө адистештирилет.

Ошондой эле борбордо башка чет өлкөлөрдөн келген бейтаптарды кабыл алууга жана жергиликтүү медицина кызматкерлерине тажрыйба жана атайын билимдер менен алмашууга шарт түзүлөт.

Мындан тышкары, Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын залында Ош облусунан келген 400дөн ашык дарыгерлердин катышуусунда илимий-практикалык конференция өттү. Илимий-практикалык конференция көрүнүктүү медицина адистеринин – онкология тармагындагы эксперт Ашок Кумар Ваиттын жана "Меданта" клиникасынын тажрыйбалуу хирургу Мухамед Акбер Ванинин баяндамалары менен коштолду.

Конференция кызыктуу баяндамаларга жана талкууларга бай болуп, 15 бейтапка эксперт дарыгерлер тарабынан бекер консультациялар берилди. Бул иш-чара Кыргызстандын медицина тармагын өнүктүрүүдө жана Кыргызстан менен Индиянын ортосундагы медициналык кызматташтыкты бекемдөөдө маанилүү кадам болуп саналат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн