Бугу 04, 2024
Убакыт: 17:38
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Кара-Сууда изделип жаткан 27 жаштагы жарандын сөөгү табылды

01.07.2022 12:49
507
Кара-Сууда изделип жаткан 27 жаштагы жарандын сөөгү табылды


Бүгүн, 1-июлда Кара-Сууда үйүнөн чыккан бойдон дайынсыз болуп, изделип жаткан 27 жаштагы жарандын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, издөө иштерине Ош шаардык куткаруу кызматынан 7, Кара-Суу райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн жалпы 17 куткаруучу тартылып, саат 09:58де маркумдун сөөгүн Ак-Буура – Араван каналынын жээгинен табышып, Ички иштер министрлигинин кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Эскерте кетсек, 28-июнь күнү Төлөйкөн айылынын тургуну 1995-жылы туулган А.уулу Б. үйүнөн чыккан боюнча дайынсыз болуп, изделип жаткан. Кийин анын унаасы жана кийимдери аталган каналдын жээгинен табылган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн