Чын курандын 30, 2024
Убакыт: 01:16
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Кара-Сууда изделип жаткан 5 жаштагы кыз чоочун кишинин унаасынан табылган

16.04.2024 14:08
426
Кара-Сууда изделип жаткан 5 жаштагы кыз чоочун кишинин унаасынан табылган


Кара-Суу районунда 31 жаштагы киши кармалды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.


Маалыматка караганда, 15-апрель күнү милицияга аял арыз менен кайрылган. Ал беш жаштагы кызы уктоочу бөлмөсүнөн жоголуп кеткенин айткан.


"Кыз талаадан белгисиз адамдын унаасынан табылды. Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "Адам уурдоо" жана "Сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттери" беренелери боюнча кылмыш иши козголду", — деди ОИИБ.


Колго түшкөн Э.уулу З. аттуу жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилип, кызга карата соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн