Кулжа 21, 2024
Убакыт: 11:58
USD
86.70
87.60
EUR
92.80
93.80
RUB
0.960
1.040

Кара-Сууда каралбай калган 15 гектардан ашуун жерге соцобъекттер курулат

15.06.2024 12:34
256
Кара-Сууда каралбай калган 15 гектардан ашуун жерге соцобъекттер курулат


Бүгүн министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев жергиликтүү жашоочулардын кайрылууларына ылайык, Кара-Суу районунун Жаңы-Арык айылына барды.

Атайын кызматтан билдиришкендей, мындагы 11 га жер совет доорунда курулушчулардын лагери болуп, кийин каралбай калган.

Ташиев жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен бирге каралбай калган жерди көрүп, алгач мамлекетке толугу менен кайтарып, андан кийин жергиликтүүлөргө зарыл болгон социалдык объеткилерди куруу иштерин жүргүзүүнү тапшырды.

УКМК башчысы ошондой эле бул жер тилкесинен сырткары, аталган аймакта ушул эле курулушчуларга караштуу болгон 4 гектардан ашуун аянтты ээлеп, гараж болуп турган жерди дагы толугу менен мамлекетке кайтарып, ал жерге дагы айылдыктар үчүн зарыл болгон объектилерди курууну пландоо иштерин тапшырды.

Ал мында айылдыктар үчүн заманбап мектеп, спорткомплексин, стадион, эс алуу багы жана башка объектилерди куруу зарыл экенин белгилеп, аны үчүн тийиштүү планды, долбоорлорду даярдоону Кара-Суу районунун акимине милдеттендирди.

Ташиев коюлган тапшырмаларды аткаруу үчүн жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө 2 ай убакыт берип, андан соң курулуш иштерин баштоо аракеттери колго алынышы керектигин эскертти.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн