Бугу 18, 2024
Убакыт: 11:43
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Кара-Сууда карыяны ур-тепкиге алган жаранды кармоодо бир милиционер жаракат алды

26.08.2020 13:37
1091
Кара-Сууда карыяны ур-тепкиге алган жаранды кармоодо бир милиционер жаракат алды


Ош облусунун Кара-Суу районунда 81 жаштагы карыяны ур-тепкиге алган жаран кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди. 


Маалыматка караганда, 25-августта саат 23:30 чамасында, Кара-Суу РИИБдин  кызматкерлери тарабынан изделип  жаткан Кара-Суу  шаарынын 36 жаштагы тургуну М.Т кармалды. 


Ош ОИИБдин жана Кара-Суу РИИБдин криминалдык милиция  кызматынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында алынган кылмышка шектүү өзү жашаган үйүнө келди деген маалымат боюнча  аталган  даректеги үйүнө барган учурда, ал өзү үйүнөн чыгып, качып кетүүгө аракет кылып, ички иштер органдарынын кызматкерлеринин мыйзамдуу талабына баш ийбестен, каршылык көрсөткөн. Натыйжада ички иштер органдарынын 1 кызматкеринин денесине  жаракат келтирген. 


Бул окуя боюнча Жазык Кодексинин 355-беренсинин (Бийлик өкүлүн коркутуу же ага карата зомбулук) негизинде сотко чейинки өндүрүш иши ачылды. 


Кылмышка шектүүгө карата буга чейин Жазык Кодексинин 266-беренеси (Эээнбаштык) боюнча сотко чейинки өндүрүш ачылган болчу. 


Териштирүү учурунда белгилүү болгондой, кылмышка шектүү изин жашыруу максатында 2020-жылдын 21-август күнү Бишкек шаарына чыгып кетип,  25-август күнү Кара-Суу шаарына кайтып келген.  Учурда шектүү М.Т., ЖПКнын 98-беренесинин негизинде Кара-Суу РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. 


Кылмышка шектүү мурда 3 ирет 165,164-(бул берене боюнча эки жолу) беренелери боюнча 2011-ж, 2013-ж, 2015-жылдары соттолгондугу белгилүү болду. Териштирүү иштери Кара-Суу РИИБдин тергөө кызматы тарабынан жүргүзүлүүдө. Кылмышка шектүү сүйлөй албагандыктан дудуктардын тилин билген атайын адис чакыртылып, котормочу катары тергөөгө көмөктөшөт.




Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн