Тогуздун айы 18, 2024
Убакыт: 14:35
USD
85.35
85.85
EUR
92.20
93.20
RUB
0.870
0.910

Кара-Сууда кароосуз калган 10,5 га жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

19.08.2024 17:58
932
Кара-Сууда кароосуз калган 10,5 га жер тилкеси мамлекетке кайтарылды


Кара-Суу районунда 52 мн 800 миң сомдук 10,5 гектар жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Такталгандай, буга чейин Кара-Суу районунун Ынтымак айыл аймагындагы балдар лагерин куруу үчүн Кара-Кулжа токой чарбасы тарабынан 10,56 гектар жер тилкеси бөлүнгөн.

Бирок, 1992-жылы балдар лагери бардык инфраструктурасы жана жабдуулары менен Ош тамеки комбинатына сатылып, Төлөйкөн тамеки заводунун (тамеки иштетүүчү завод) балансына өткөрүлгөн. Ошол эле учурда бул лагерь иш жүзүндө иштебей, кароосуз калган.

Тиешелүү иш-чаралардын комплексин өткөрүүнүн натыйжасында "Ош-Дубек" ААК аталган жер тилкесин өз ыктыярлары менен мамлекеттин балансына өткөргөн.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн