Ош облусунда Кара-Суу районунун Катта-Талдык айыл
аймагынын Баш-Булак айылындагы №59 кесиптик лицейдин имаратын 200 орундуу
ооруканага айландыруу боюнча демонтаждоо иштери 80%га аткарылды.
Ыкчам штабдын
маалыматы боюнча, имараттын чатыры жана отканасынын чатыры 80%,
терезесин орнотуу 50% аткарылып, отканасынын чатыры аяктоо алдында турат.
Имараттын 1-2-3-кабатында шыбак жумуштары, электр монтаждоо жумуштары жүрүп жатат. Сырткы жылытуу системасы толугу менен бүтүп, ички жылытуу системасынын түтүктөрүн орнотуу 70% түзөт.
Учурда объектте 53 жумушчу иштеп жатат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн