Бугу 04, 2024
Убакыт: 15:45
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Кара-Сууда ок атуучу куралдар сакталган жай аныкталды

20.06.2022 12:45
611
Кара-Сууда ок атуучу куралдар сакталган жай аныкталды

 Ок атуучу куралдар жана ок-дарылар сакталган жай табылды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.


  Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан ок атуучу куралдардын мыйзамсыз жүгүртүлүшү жөнүндө контр-чалгындоо иш-чараларын жүрүшүндө, ок-дарылар жана жардыргыч заттар бекитилген боюнча ыкчам маалымат алынып, үстүбүздөгү жылдын июнь айынын башында Ош облусунун Кара-Суу районунун аймагына белгисиз адамдар тарабынан, жеке ишкердик менен алектенген адамдарга каракчылык жана куралдуу кол салуу үчүн арналган ок атуучу куралдар салынган баштыкты бекитип кетишкендиги аныкталган. 

 


   2022-жылдын 13-июнунда КР ок атуучу куралдарды жана ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү жана сактоо фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштүк материалдарынын алкагындагы ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Төлөйкөн айылында ок атуучу куралдар жана ок-дарылар сакталган жай табылды.

    Аталган аймакты текшерүүнүн жыйынтыгында баштыктын ичинен төмөндөгүлөр табылган:

    - 1 даана (кесилген) жылмакай мылтык;

    - 1 даана идентификациялык номерлери өчүрүлгөн револьвер;

    - 13 даана ар түрдүү калибрдеги ок-дарылар.

 


  Учурда тергөөнүн толуктугун жана объективдүүлүгүн камсыз кылуу үчүн тиешелүү экспертизалар дайындалды.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн