Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 09:33
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Кара-Сууда "Кадастр" мекемесинин мурдагы башчысы УКМК кызматкерине пара берүүгө аракет кылган

19.09.2024 13:06
241
Кара-Сууда "Кадастр" мекемесинин мурдагы башчысы УКМК кызматкерине пара берүүгө аракет кылган


Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерине пара берүүгө аракет кылган Кара-Суу райондук "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин мурдагы башчысы кармалды.

Атайын кызматтан билдиришкендей, "Кадастр" МИнин мурдагы башчысы Ш.Р.Ж. жетекчи болуп турганда өзүнүн кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, кызыкдар адамдар менен тил табышып, Кара-Суу районунун Датка айыл аймагынын Ачы массивинин (мурда Шарк) башкы планына өзгөртүүлөрдү киргизгендиги жана социалдык объекттерди (мектептерди, бала бакчаларды, комуналдык-кампа зоналарын, айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ж.б.) куруу үчүн арналган жер тилкелерин мыйзамсыз бергендиги аныкталган.

Мындан улам кылмыш жоопкерчилигинен кутулуу үчүн анын пайдасына оң чечим чыгаруу максатында УКМК кызматкерине 15 миң доллар өлчөмүндө пара сунуштаган. Кармалган жаран УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн