Бугу 18, 2024
Убакыт: 15:26
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Кара-Сууда ресторанда, Алайдагы “Чыйырчык” жайлоосунда кыз узатуу тоюн өткөргөндөр аныкталды (фото)

07.07.2020 11:59
1455
Кара-Сууда ресторанда, Алайдагы “Чыйырчык” жайлоосунда кыз узатуу тоюн өткөргөндөр аныкталды (фото)


Ош облусунун аймагында облустук ички иштер башкармалыгынын коомдук коопсуздук кызматынын кызматкерлери жана жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясы эл арасында, соода-сатык борборлорунда, эс алуучу жайларда, мал базарларда жана коомдук тамактануучу жайларда санитардык-карантиндик эрежелерди сактоо, той мааракелерди токтотуп туруу боюнча бир катар түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө.


Ошондой эле жаш өспүрүмдөрдүн катышуусундагы жол транспорт кырсыктарын алдын алуу максатында жергиликтүү эл менен жолугушуулар болуп, коомдук транспорттордун айдоочулары жана таксисттер арасында түшүндүрүү иштери өтүп жатат.


Ош ОИИБнын басма сөз кызматы билдиргендей, облус аймагында жайгашкан тойканаларда, эс алуучу жайларда той мааракелерди өткөрүп жаткан учурлар кездешүүдө. “Мисалы, 2020-жылдын 4-июль күнү Кара-Суу районунун аймагында жайгашкан «Баястан» ресторанында кыз узатуу аземи өткөрүлүп, анда санитардык талаптарды бузгандыгы үчүн ресторан ээсине 13 миӊ  сом айып пул салынып, ресторан 15 күнгө карантинге жабылды. Ал эми 5-июль күнү Алай районунун Таш-Коро айылынын тургундары тарабынан “Чыйырчык” жайлоосунда кыз узатуу аземин өткөрүүгө аракеттер болгондугу үчүн аларга Ош ОИИБдин туристтик взводу тарабынан эскертүү берилген соӊ таркап кетишкен”, - деп билдирди басма сөз кызматы.


Мындан улам Ош ОИИБы калктын саламатчылыгы жана коопсуздугу үчүн санитардык-карантиндик эрежелерди так сактоону суранды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн