Тогуздун айы 11, 2024
Убакыт: 18:30
USD
85.35
85.85
EUR
92.80
93.80
RUB
0.875
0.915

Кара-Сууда тергөөчүгө 10 миң доллар пара сунуштаган айыл башчы кармалды

11.10.2024 14:49
20
Кара-Сууда тергөөчүгө 10 миң доллар пара сунуштаган айыл башчы кармалды


Кара-Сууда тергөөчүгө 10 миң доллар пара сунуштаган айыл башчы кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлерине жергиликтүү тургундар С.Х., Ш.И., Ю.М., И.Х. жана И.Э. жасалма документтердин негизинде ар бири 0,5 га жер тилкелерин үй куруу үчүн алышкандыгы тууралуу ыкчам маалымат келип түшкөн.

Бул факты каттоого алынып, менчикке мыйзамсыз берилген жер тилкелерин мамлекетке кайтаруу багытында тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.

Текшерүүнүнүн жүрүшүндө Кара-Суу районундагы Датка айыл аймагында жайгашкан айылдардын биринде айыл башчы болуп эмгектенген 1965-жылы туулган С.Б. Кара-Суу РИИБдин тергөөчүсүнө текшерүүнү токтотуу үчүн 10 миң долларын пара катары сунуштаган.

Бул факты ИИМдин Ички иликтөө кызматынын Ош шаары жана Ош облусу боюнча бөлүмүнө катталып, чогултулган материалдын негизинде КР Кылмыш-жаза кодексинин "Пара берүү" беренеси менен кылмыш иши козголуп, ыкчам-тергөө амалдары башталган.

Ошентип, 10-октябрда Ички иликтөө кызматынын Ош шаары жана Ош облусу боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында айыл башчы С.Б. тергөөчү кызматкердин иш бөлмөсүндө текшерүүнү токтотуу үчүн 10 миң доллар пара катары берип жаткан учурда шектүү катары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда жер тилкелерин менчикке мыйзамсыз берүүгө тиешеси бар башка атуулдарды аныктоо боюнча ыкчам-тергөө амалдары уланууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн