Бугу 18, 2024
Убакыт: 14:47
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Кара-Сууда зер буюмдарды уурдаган жаран Бишкекте кармалды

Кара-Сууда зер буюмдарды уурдаган жаран Бишкекте кармалды

Оштун Кара-Суу районунда 7-октябрда уурулукка шектелген жаран Бишкекте жашырынып жүргөн жеринен кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.


Аталган факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин (“Уурулук”) негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары башталган.


Кара-Суу райондук милициясына арыз менен кайрылган Кара-Суу районунун 60 жаштагы М.К. аттуу тургуну 2021-жылдын 1-август күнү үйүнө белгисиз жарандар кирип, алтын, күмүш буюмдарын жана акчаларын уурдап кетишкендигин билдирген.


Натыйжада жабырлануучуга 52 миң сомдук зыян келтирген.


Бүгүнкү күндө Ысык-Көл облусунун 24 жаштагы Д.К. аттуу тургуну шектүү катары кармалып, Кара-Суу райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Шектүүнүн мындан башка кылмышка тиешеси бар же жок экендиги такталууда.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн