Кара-Суу шаарында жол кырсыгынан 1 адам каза болуп, 1 адам жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.
Маалыматка ылайык, кырсык 12-март күнү Ош облусунун Кара-Суу шаарындагы Ленин көчөсүндө орун алган. Анда “Мерседес Бенц” үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай, унаа оодарылып кеткен. Жол кырсыгынын натыйжасында бир аял каза болуп, дагы бир эркек адам жаракат алган.
Жабыркаган жаран ооруканага жеткирилген.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн