Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 02:07
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Кара-Суудан "Матиз" уурдаган жаран кармалды

15.03.2022 15:50
377
Кара-Суудан "Матиз" уурдаган жаран кармалды

Кара-Суу районунда автоунааны айдап качкан жаран кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин Басма сөз кызматы кабарлады.


2021-жылдын 14-декабрь күнү Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнө Кара-Суу шаарынын жашоочусу К.Н. аттуу жаран ага таандык болгон “Daewoo matiz” үлгүсүндөгү автоунаасы уурдалгандыгы тууралуу арыз менен кайрылган. 


Аталган маалымат Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, териштирүү иштери башталган. Бул боюнча, Кылмыш иликтөө бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка шектүү катары Баткен облусунун тургуну, мурда бир нече жолу соттолгон 23 жаштагы Ж. уулу А. аттуу жаран экендиги аныкталып, 2022-жылдын 14-мартында Баткен облусунун аймагынан кармалып, Кара-Суу РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. 


Аталган факт Кыргыз Республикасынын Кылмыш жаза кодексинин 211-беренеси менен (Автотранспорт каражаттарын айдап качуу) кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары уланууда.


Ал эми, айдап качкан “Daewoo matiz” үлгүсүндөгү автоунааны кылмышка шектүү Ж.уулу.А. Баткен облусунун тургуну 58 жаштагы Б.М. аттуу жаранга сатып жибергендиги такталган. 

Аталган автоунаа Кара-Суу РИИБдин айып аянтчасынан киргизилип далил буюм катары алынды.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн