Кара-Суу районунун тургундары УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев менен жолугушуудан кийин интервью алганы келген "Азаттык" үналгысынын суроолоруна жооп бербей койду. Бул учурда "Азаттык" түз эфир алып берип жаткан.
"Азаттык" үналгысынын журналисти жергиликтүү аялдардан Ташиев менен жолугушуудан кийин кандай маанай калтырганын сураган.
Бирок жергиликтүү тургундар: "Силерге жооп бербейбиз. Силер Ташиевди жамандайсыңар. Биз Ташиевди колдойбуз. Биз анын чечимдерине канааттандык" деп жооп берип койгон.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн