Жетинин айы 26, 2025
Убакыт: 01:04
USD
87.30
87.80
EUR
100.30
101.30
RUB
1.090
1.130

Кара-Суунун Фуркат айылындагы ФАПка тез жардам унаасы жана дары-дармектер берилди

12.08.2020 10:15
1110
Кара-Суунун Фуркат айылындагы ФАПка тез жардам унаасы жана дары-дармектер берилди

 

Кара-Суу районунун Фуркат айылынын жаштары үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна тез жардам унаасын жана медициналык каражаттарды тапшырды. Бул  тууралуу муфтияттын басма сөз кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, Кара-Суу районуна караштуу Фуркат айылында  “Абдыжапар” мечитинин имамы Абдусами кары Бекмуратов жана жаштардын демилгелери менен Фуркат айылында жайгашкан үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна тез жардам унаасы менен медициналык каражаттарды тапшырышты.


Фуркат айылынын 1979-жылкы жаштары Дамас үлгүсүндөгү автоунааны сатып алышып, жергиликтүү дарыгерлер тобуна белек кылышкан. Мындан сырткары антисептик, медициналык беткаптар менен дары-дармектер тапшырышкан.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн