Бугу 05, 2024
Убакыт: 00:47
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Кара-Суунун Шарк айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы пара берип жаткан жеринен кармалды

25.04.2024 13:50
231
Кара-Суунун Шарк айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы пара берип жаткан жеринен кармалды


Ош облусунун Кара-Суу районундагы Шарк айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы пара берип жаткан жеринен кармалды.

Атайын кызматтан билдиришкендей, айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы М.Б.М. УКМК кызматкерине пара берүүгө аракет кылган.

Белгиленгендей, ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө үстүбүздөгү жылдын февраль айында М.Б.М. тарабынан Шарк айыл өкмөтүнүн Ачы айылындагы айыл чарба багытындагы жер тилкеси мыйзамсыз берилгендиги жөнүндө маалыматтар алынган.

Мындан улам, М.Б.М. кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, трансформацияланбаган жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө токтомду жасалмалоо жолу менен курулуш компанияларынын бирине 10 гектар жер тилкесин бергени аныкталды.

Бул факт боюнча текшерүү иш-чараларын жүргүзүү учурунда М.Б.М. тергөөгө чейинки текшерүү боюнча маселени оң жагына чечүү максатында УКМКнын кызматкерине 20 миң АКШ доллары өлчөмүндө пара сунуштаган.

Аталган сумманын жарымын, 9800 АКШ доллары өлчөмүндөгү акча каражатын УКМК кызматкерине өткөрүп берүү учурунда М.Б.М. КР Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренесинин 3-бөлүгү (өзгөчө ири өлчөмдө пара берүү) менен кармалды.

2024-жылдын 23-апрелинде Ош шаардык сотунун чечими менен М.Б.М. УКМКнын тергөө абагына эки айга камакка алынды.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн