Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 16:17
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.972

Кара куурай чегип, бузулуп кеткендер араңарда барбы?

10.06.2020 14:35
2321
Кара куурай чегип, бузулуп кеткендер араңарда барбы?


Кыргыз мамлекетинин экономикасын көтөрүш үчүн бүгүн дүйнөнүн көптөгөн мамлекеттеринде өстүргөн кара куурайдын атайын сортун Кыргызстанда да өстүрүү керектиги тууралуу көп жылдан бери жок дегенде жылына бир жолу жазып келатам. Ушул жылдын жазында да жазгам. Бирок анчалык сөз болбой, капарга илинбей кала берчү. Бүгүн карасам эле бул маселе талашка түшүп калыптыр. Көрсө Асылбек Жээнбеков деген депутатыбыз сөз кылып койгон экен. Айрымдар түз эле "Бүт элди наркоман кылайын дептир"- дешип конгуроо кагышууда. Ээ айланып кетейиндер, бир нерсе жазарда терең ойлонуп жазгылачы? Өзүңөрдүкүн туура десеңер анда менин төмөндөгү суроолорума жооп бергиле?


Кара курай кыргыз жеринде өскөнүнө канча миң кылым болгонун ким так айта алат? Чүй, Көл, Таласта тээ илгери ат аралай алгыз шалбаа болуп өскөн талаалар бар болчу экен. Кыргыздарда кара куурай чегип каңгып калгандар барбы? Кара куурайды кыргыздар тээ илгээртен эле муун, тери, ич ооруларына, малдын ар кандай дартына дары катары пайдаланып келген. Кара курайдан массалык түрдө азап чегип, бузулуп кеткендер тууралуу фактыңар барбы? Кара куурай бүгүн да Чүйдө, Таласта, Көлдө шалбаа болуп өсөт. Ар бир огороттун четине турат. Ким ишенбесе келгиле Бишкектин четиндеги айылдардан, же талаалардан машинанарга толтура жүктөп берем. Кара куурайды соодалап нарко бизнеске кирип кетиптир деген барбы? Бир адамга болгон антипатияңарды кара куурайга шылтап чыгарбагыла да. Япондор эмне үчүн өсүп атат? Аларда улуттук, мамлекеттик кызыкчылыкка туура келген маселе болсо эң жаман көргөн душманы да ошондой сунушту берсе, токтоосуз колдошот. Душманым эле, жаман көрчү элем дешпейт. Бизде мамлекеттик, улуттук кызыкчылыктан жеке амбициябызды жогору коебуз. Демек улуттук, мамлекеттик деген кызыкчылыкты түшүнүүгө дараметибиз жетпейт. Эң жаманы, бир нерсени терең түшүнбөгөн билимсиздер деле болжолдоп жаза беришет.


"Кыргызстандын, мамлекетибиздин экономикасы гүлдөбөсө койсун. Кайырчы болуп, итке минип жашай берели. Бирок мен жаман көргөн адамдын тилеги ишке ашпасын. Анын аты чыкпасын" - деген кулдук ой-сезимден арыла элекпиз.


Кыргызстанда айдап өстүрөлү деп аткан кара куурайдын сортун наркотикалык күчү биздин талаада өскөн жапайы кара куурайдан канча бир эсе төмөн. Ал наркотикалык багыттагы эмес, чарбалык багыттагы өсүмдүк. Аны өстүрө баштасак миңдеген жумушчу орундар түзүлөт. Мамлекеттин экономикасы көтөрүлөт. Жашоо турмушубуз оңолуу жолуна түшөт. Сырттан кайыр сурабайбыз. Чет өлкөгө тентиген мигранттарыбыз кайра мекенине кайтат. Анткени экспорт көбөйөт. Андан алынган жиптен канчалаган ден соолукка пайдалуу кийимдерди тиксе болот. Дүйнөнү синтетика басып баратканда адамдар кайра табигый продукцияга кызыга башташты. Төмөнкү сортунан кадимки кендир жиптер алынат. Андан жасалган материалдар кайра чирип жок болуп кетүү жөндөмүнө ээ. Керек болсо жер семирткич болот. Дүйнө бүгүн пластикалык ийдиштер менен баштыктардан кутула албай жатат. Пластика чирибейт.Табиятыбызды талкалап бузуп жатат. Кара куурайдан алынган майлардан түрлүү косметикалык керм майлар чыгарылат. Кара куурайдан канчалаган дарыларга кошулмалар алынат. Керек болсо азыр кара куурайдан техникага колдонулуучу күйүүчү майды да чыгара башташты. Түтүнүнүн табиятка зыяндуулугу жокко эсе. Мындан башка да толгон пайдалуу жактары бар. Кызыксаң интернетке кирип, таап оку. Кыргызстан экономикалык жактан чабал өнүккөн өлкө болуп, жалаң карыздын эсебинен карайлап жашап келатабыз. Канчалаган балдарыбыз кор болушуп чет жерде мигрант болуп жүрүшөт. Кыргызстандагы кызматта иштегендердин алган маяналары өтө төмөн болгондуктан паракорлук, коррупция эбегейсиз өнүккөн. Келечеги белгисиз өлкөгө айланганыбызга көп жыл болду. Ошондуктан Медведов бир кезде "Кыргызстан жок болуп бараткан мамлекет"- деп айткан. Ойду тоону дөөрүп бир нерсе жазарда ойлонгула да. Качанга чейин ушинтип жетишпеген жашоодо жашайбыз? Качанга чейин уул кыздарыбыз тентип чет жерде мигрант болуп жүрүрө беришет? Качанга чейин кайырчы болобуз? Балким сен ушундай жаман жашоого көнгөн немедирсиң, бирок сенин балдарың да кудай сурап жаман жашаса дейсиңби? Балдарыңдан сурачы жаман жашагысы келет бекен?


Кыргызстанды көтөрүү боюнча кандайдыр бир жаңы демилге болсо эле толук чечмелебей туруп ошол замат "найзасын" алып каршы чыккандар бар. Кейпи "Кыргызстан түбөлүк кайырчы мамлекет болсун"- деген максатта сыртан атайлап даярдардаган топтор барбы деп да ойлоп кетем. Ошончо эле кара куурайды өстүрүүгө каршы чыгам десен, анда демилгелүү топ түзүп Кыргызстандагы жапайы өскөн кара куурайды бүт жок кылып туруп анан сөз козгогула. Болбосо кара куурай айдабасаңар деле Кыргызстанда азыр да каалашыңарча өсүп турат. Бирок Кыргызстандын жашоо турмушун жакшыртып, элди байытып, экономикабызды көтөрөлү, балдарыбыздын келечегине кам көрөлү деген маселеде терең ойлонуп, изилдеп туруп акылың жетсе бир нерсе жаз. Болбосо үн чыгарбай койгонуң да пайда кылганың.


Чолпонбек Абыкеев, жазуучу, коомдук ишмер


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн