Бугу 08, 2024
Убакыт: 06:56
USD
88.50
89.40
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.980

Карабактагы соңку операцияда Азербайжан тараптан 193 адам каза болду

27.09.2023 14:47
1590
Карабактагы соңку операцияда Азербайжан тараптан 193 адам каза болду


Азербайжандын Саламаттык сактоо министрлиги Тоолуу Карабакта 19-20-сентябрдагы "антитеррордук операцияда" каза болгон аскер кызматкерлеринин санын жарыялады.

27-сентябрдагы расмий маалыматта 192 аскер кызматкери жана бир карапайым тургун набыт болуп, 511 жоокер жараат алганы айтылат.

Ал эми Армениянын бийлиги Тоолуу Карабактагы соңку операцияда 200 киши мерт болгонун, 400дөйү жараат алганын, алардын арасында жайкын тургундар, аялдар жана балдар бар экенин билдирген.

Эске салсак, 19-сентябрда Азербайжандын бир күндүк “антитеррордук аскердик операциясында” Тоолуу Карабактын эл аралык коомчулук тааныбаган өкмөтү Бакуга багынып берген.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн