Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 22:16
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Карачач Чокморова: “Сүймөнкул “мен өлбөйм, жакшы болуп калдым” деп айтып, бирок эртеси кете берди...

17.08.2023 18:03
2835
Карачач Чокморова: “Сүймөнкул “мен өлбөйм, жакшы болуп калдым” деп айтып, бирок эртеси кете берди...

(Уландысы. Башын aryba.kg сайтынан окуй аласыздар)


Тамырлаш



Сүймөнкулдун 50 жашын өткөрдүк. Эл тарап калган маалда “жеңем тез келсин” деп чакыртып жибериптир. Барсам эле Сүймөнкулдун бутунан кан атып атат. Кан тамыры жарылып кетиптир. Башымдагы жоолугумду чечип эле бутун байладым, ыйлап атам. Көйнөк-кечем бүт кан болду. Намырбек да келип калды, экөөлөп доктурга алып жөнөдүк. Мен жоолук байланган бутун кармап баратам, ыйым токтобойт. Сүймөнкул өзү болсо ошол буту менен педалды тээп, машина айдап баратат. Мени аяп кетти окшойт, бакырып жиберди:


- Жеңе, басыл! Болду ыйлаба! Жоолукту бекем тартыңыз! - деди эле басыла калдым. Ооруканага келсек Кудай жалгап Намазбеков ордунда экен, алып кирип кетишти. Көптө чыгышты. Мени “кир” дешти, кирдим. Сүймөнкулдун аялы экен деп ойлоптур тиги врач.


- Аяш, Сүймөнкул бир аял менен тамырлаш болуп калды, - деп ыйлап аткан мени күлдүрүү үчүн тамашалап кирди эле, Сүймөнкул сөздү бөлдү:


- Бул менин уялаш жеңем болот. 

Көрсө, баягы жарылган тамырга аял кишинин тамырын улашкан экен.


Сүймөнкулдун сүйүнүчү, таарынычы


- Сүймөнкул ага сизге көп белек берсе керек?


- Ооба, чет өлкөлөргө барганда дайыма жоолуктарды алып келип берчү. Ошону да абысындарым көралчу эмес. Мен “балам, мага эч нерсе алып келбей эле койчу, тиги жеңелериң жаман көрүп атат” десем, “ай жеңе, жакшыга кеп илешет, жаманга эмне илешет? Көңүл бурбай эле кой” деп койчу.


- Сүймөнкул балалуу болгондо сүйүнгөндүр?


- Оо, айтпа, алигүнчө эсимде, бир башкача жайнаган ошондо. Көздөрү ушундай балбылдаган. Сүймөнкулдун андай сүйүнгөнүн өмүрү көргөн эмесмин. Баланы чыгарып келатабыз. Сүймөнкул баланы алып арткы орундукта, жанында жубайы. Алдыда мен.


- Ээ, жеңе, үнү кантет, ыя? Манастай го... - деп бир сүйүнгөн. Бала баркырап ыйлап келаткан эле. Төрөт үйүнө баргыча эле боорсогумду камдап кеткем, элди күттүм келип. Мал сойдук. Өзүм багып, кыркын чыгардым. 


- Сүймөнкул ага каза болгондо жанында белеңиз?


- Жок, жанында болбой калып жатпаймынбы (апа бир топко ыйлады – Д.Б). Спецбольницада жатчу. Кызым “дядя Сүймөнкул меня не узнал” деп келди. “Апей  кокуй!” деп эле эртең менен эрте келдим, ыйлап баратам. Палатага кирдим.


- Жеңе, бетиңди тытып ыйлап келмексиң азыр, кечээ өлүп эле кайра тирилдим, жаным кыйналганынан киши тааныбай калыптырмын” деди. 


- Кантейин балам, Чоң-Ташта иштер да көп болуп жатпайбы, - дедим.


- Силерге Чоң-Таш керек, колхоз керек, - деп таарынганы жазылбады. Мен да ыйладым.


- Болду ыйлаба, мен эми өлбөйм, жакшы болуп калдым, - деди. 


- Эмне жейсиң? – дедим.


- Жүзүм жегим келип атат, - деди.


Суусаган окшойт, ага суу ичкенге болбойт эле. Жүзүм алып келип бердим. “Өлбөйм деди” деп көңүлүм ток кеттим. Эртеси каза болуп калып атпайбы! 25-сентябрь болчу. Терип алган жүгөрүнүн данын чыгарып жаткам. Эл топтолуп атышкан, көңүл бурган эмесмин. Көрсө, угуза албай жатышыптыр жаман кабарды.

Бир тууганбыздын орусча сүйлөгөн кызы бар эле, ошону жиберип коюшуптур.


- Карачач апа, дядя Сүймөнкул умер! - деп атпайбы.


- Ай, эмне дейт кокуй! - деп эле жүгөрүнү чаба берипмин, күйүп кеттим го!.. Арманым: узап атканда жанында болгон жокмун. Андай адам жүз жылда бир жаралат...


Куросава келгенде


Не деген кишилерди коноктободум... Устукан кандай тартылат, кай жерде кандай сүйлөш керек, каада-салтты билген да жакшы экен. Улуу адамдар менен аралашканда пайдасы тийет. Азыркы келиндер төрдө отурган аксакалдарга артын салып чыгып кетишет. Биз антчү эмеспиз, уялчубуз. Бет жагыбыз менен элди карап, акырындап кетенчиктеп отуруп чыгып кетээр элек, көчүгүбүздү көрсөтпөй. Бул жагынан алганда ата-бабаларыбыз өтө даанышман келишкен экен.

Сүймөнкул Чыңгыз Айтматов менен Акира Куросаваны ээрчитип келди. Биз анда дачада болчубуз. Күн мурун айткан эле, казы-чучук, эт, кымыз, салаттары менен дасторконумду жайнаттым. Биздикинен кийин Татырга тойго кетишмек. Дачага жаңы бактарды тиккенбиз. Бир көчөттө жалгыз алма бар эле. Аны күйөөм чүпүрөк менен ороп койчу эле эмнегедир. Мен конок келет деп чечип койгом. Кызыл болуп бышып калыптыр. 


Чыңгыз бир сыйра тамактанып, эс алып кетип калды. Акира улам эле ажатканага чуркайт. Байкадым, казы-чучук көтөрө албай, ичи жүрүп кетти окшойт. Кадимки “чытыр” деп аталган көк гүлдүү чөптү коюу демдеп бердим эле, айыкты. Анан кетти. Чыңгыз чыгып баратып баягы жалгыз кызыл алмага көзү түшүп, “оо, менин кызыл алмама окшош турбайбы!” деп жулуп, чөнтөгүнө сала кетти. Күйөөм экөөбүз сүйүнүп, күлүп калдык.


- Апа, Акира Куросава Сүймөнкул агага эмне деп айтчу экен?


- “Сүймөнкул, өңгөнү таштасаң да сүрөтчүлүгүңдү таштаба” дечү тура.


-- Куросава өзү сүрөтчү болгон да, ошого “сүрөтчүлүгүңдү таштаба” десе керек, ээ?


- Ошондой го.


- Жанынан көрдүңүз да, кандай киши эле, кебетеси дегеним?..


- Кыргыздын байыркы абышкаларындай тоголок келген, чокчо сакалчан, жапакеч киши эле. 


- Агабызды ал киши самурайдын ролуна тартсам дечү экен да, тилегине жетпей калбадыбы.


- Ооба, жанагы “Дерзу-Узала” тасмасында башкы ролду аткармак экен, бирок башкы каарман кичине, чепейген киши болгондугуна байланыштуу кийинки ролду аткарып калды. Сүймөнкул тик кабак, узун бойлуу, заңкайган жан эле да.


- Ооба, ичи дагы, сырты дагы сулуу жан эмес беле агабыз...


- Динара, бизди таластыктар чакырышып, сыйлашкан. Атайын өргөө көтөрүшкөн экен. Жылкы союшкан. Келиндери тикесинен тик туруп кызмат кылышкан. Ыраазымын аларга. Сүймөнкул тууганынын келерин билгендей сен келерде түшүмө кирбедиби. Аян берди. Сенин келериңди, жазарыңды күн мурун билгем. 


Күйөөм мага ыраазы болуп жашады


- Апа, бул өмүрдө өкүнгөн нерсеңиз барбы? 


- Жашоодо өйдө-ылдый болот экен, баарын көтөрдүм, өкүнбөйм. 90 жашка келдим, Кудайга шүгүр. Мен да тегин киши эмесмин. Өмүрүм текке кеткен жок, бүт президенттерге ак батасын берген, эл деген кишимин. Тээ бала кезден эле эл бактым. Мени багып алган ата-энем бай эле. Сүт тартканы эки чака сүт көтөрүп чыгып, үйгө жарым чака алып барчумун. Аялдар “катыкка кичине сүт берчи?” десе куюп берер элем. Үйдөгүлөргө “төгүп алдым” деп койчумун. Үрөнгө деген буудайды ташып отуруп, түгөтүп салчумун. Үрөн чоң үкөктө эле, сузуп ташый берчүмүн. Бир күнү жок калыптыр, сузайын деп атып, өзүм ичине түшүп кеттим, капкак жыбылып калды. Үйдөгүлөр издеп, араң табышкан мени. Ошондо уурулугум билинген. Кийин барсам, айыл эли ошону айтышты. “Бизди аман алып калган кыз” дешти. Кечээ жакынга чейин эле карылар үйүнө жылына кап-кап как жасап берчүмүн. Эки эле жыл болду, көзүм жакшы көрбөй, жасай албай калдым.


Чалым каза болордо ырахматын айтып узады. Ооруп жаткан. “Менин тагдырма сени жазган Кудайыма ыраазымын, сен болбосоң ичип кетмек белем, башка болуп кетмек белем, билбейм. Экөөбүздөн бала болгон жок деп кейибе. Эгиз балдарыбыздын баары боюңан түшүп калды, аны да көтөрдүң. Бирок, кыргыз жашап турганда Сүймөнкул жашай берет. Сүймөнкул жашап турганда сенин да атың өчпөйт” деди. Бир тууганымдай караганымды айтты көрүнөт.


Тууган 


“Сөздү кези келгенде айтпаса, сөз атасы өлөт” дейт, бирин-бири кадырлап, көтөрүп, сүйөмөлөп, издешип, табышып, эл болуп келатканыбызды айта кетпесем болбостур. Биздин жетинчи атабыз Кыбал. Кыбалдан Нияз, Кудайназар (Нияздан Сүймөнкул Чокморовдор, Кудайназардан биз тараганбыз. Жетиген уруусу – Д.Б). Кудайназар жаш кезинде жергиликтүү улуктардын бирине кол көтөрүп, ташбараңга алынарда туугандары түндөп качырып жиберишкен экен. “Кытайга кач, аман болсоң келерсиң” дешет. “Элиме барсам” деп көксөп жүрүп Кудайназар бабабыз о дүйнө сапар алат. Бул кабар Таласта калган иниси Ниязга жетет (бабабыз ал жакта жүрүп Куттубай, Конокбай, Тезекбай аттуу үч уулдуу болгон экен). Нияз “алып кел” деп мыкты чыкма небереси Муратты жиберет. Тезекбай “мен үй-бүлөлүү болуп калдым” деп калып калат да, берки экөө келет. Мурат Кетмен-Төбөгө жеткенде көз жумуп, алар ошол жерде кыштап калышат. Жазында жол ачылганда жаңы туугандарды Мураттын балдары Таласка көчүрүп келишет. “Кытайдан жаңы келген туугандар” деп кеп кылышат айылдагылдар бизди. Ошентип, биздин кичи уруубуздун аты “жаңы тууган” деп аталып калат. Азыр “жаңы тууган” уруусу бир айыл эл болдук. Бизди бөтөн жерге калтырбай өз элибизге алып келген туугандарыбыз – Сүймөнкул аганын аталарына таазим! Кыргыздын жакшылыгына сүйүнүп, жаманына күйүнүп ичинде жашаган ушул күндөрүм баа жеткис бакыт!


Сүймөнкул агабыз “Манасты, Айтматовду жараткан кыргыз элинин уулумун” деп сыймыктанчу экен. Биз, кийинки муун кыргыздын мыкты уулдарына Сүймөнкул Чокморов деген ысымды кошуп сыймыктанабыз.


Динара Бейшеналиева 
Булак: "Азия Ньюс" гезити

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн