Тогуздун айы 06, 2024
Убакыт: 07:20
USD
84.60
85.10
EUR
92.70
93.70
RUB
0.880
0.925

Каракалпакстан өзүнүн суверендүүлүгүн сактап калды

04.07.2022 13:22
527
Каракалпакстан өзүнүн суверендүүлүгүн сактап калды


Өзбекстандын парламентинин мыйзам чыгаруучу (төмөнкү) палатасы дүйшөмбү күнү Каракалпакстандын суверендүүлүгүн сактоо боюнча Конституциядагы беренелерди калтырууга "макул" деп добуш берди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.


Маалыматка караганда, парламент Өзбекстандын Конституциясындагы 70, 71, 72, 73, 74, 75-беренелерин өзгөртпөй ошол бойдон калтыруу чечимин бир добуштан колдоп берген.
Каракалпакстандагы башаламандык


Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев өткөн жумада Баш мыйзамды өзгөртүү үчүн референдум өткөрүүнү сунуштаган. Июндун соңунда мыйзам долбоору элдик талкууга коюлган.


Парламенттин чечими боюнча, долбоор 4-июлга чейин жалпы элдик талкууга коюлат да, андан соң референдумга алып чыгышат. Демилгеде Баш мыйзамдын 64-беренесине 200 өзгөртүү киргизүү каралган. Каракалпакстан Конституцияда референдумдун негизинде өлкөнүн аймагынан чыгып кете алган суверендүү республика катары каралган. Конституциялык реформада бул жобону алып салуу туурасында айтылган. Сунушталган өзгөртүүлөрдүн ичинде Өзбекстан президентинин ыйгарым укугун бештен жети жылга чейин узартуу, өлүм жазасына, жаранды башка мамлекетке өткөрүп берүүгө тыюу салуу сыяктуу учурлар бар.


Буга нааразы болгон миңдеген адам 1-июлда Нукус шаарында митингге чыгышкан. Ал эми 2-июлда Шавкат Мирзиёев кайра Конституциянын Каракалпакстандын суверендүүлүгүнө тийиштүү беренесине өзгөртүү киргизбөөнү сунуштаган.
Кечээ Каракалпакстанда өзгөчө абал режими жарыяланды.Ал 2-августка чейин созулмакчы.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн