Каракалпакстанда массалык башаламандык уюштурууга шектелген 24 адам үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу өзбек маалымат булактары билдирди.
Башкы прокуратура Каракалпакстандагы июль окуясын иликтеген комиссия мүчөлөрүнүн жана Жогаркы Кенештин сунушу менен 24 шектүүнү абактан үй камагына чыгарды.
Алар коомдук кепилдиктин жана «гуманизм принцибинин» негизинде үй-бүлөлөрүнө жөнөтүлгөн.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн