Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 23:47
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Каракчылар үй ээсине кол салды (видео)

28.01.2020 17:40
863

Бишкекте карактаганга шектелип үч жигит кармалды. Бул тууралуу Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгы маалымдады. 

"22-январда, кечки саат тогуздар чамасында Панфилов көчөсүндө жашаган үйгө үч жигит кирип келген. Алар ошол жерде жашаган батир ээлерин учу шиштүү курал менен коркутуп 12 миң сомдук "Самсунг" телефонун, 20 миң сомдук "Редми" телефонун, 32 миң сомдук "Самсунг" телефонун жана 4 миң сом акчаны карактап алып, белгисиз жака качып кетишкен.  Окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, 202-берене (карактоо) менен кылмыш иши козголгон. Криминалдык милиция кызматынын ыкчам аракети менен кылмышкерлердин изи сууй электе кармалды. Алар 1996-жылы туулган Ж.Ж, 2000-жылы туулган Т.Н жана 1995-жылы туулган С.К болушкан. Учурда кылмышкерлер Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убакытлуу кармоочу жайында камакта отурат. Ошондой эле бул жигиттердин башка кылмыштарга да тиешеси бар экендиги такталууда",- деп маалымдайт Бишкек шаарынын Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын басма-сөз кызматы.  



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн