Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 03:16
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Каракчылык менен акча уурдап, тергөөчүнүн компьютерин сындарган жаран үй камагына чыкты

Каракчылык менен акча уурдап, тергөөчүнүн компьютерин сындарган жаран үй камагына чыкты

Бишкекте каракчылык менен акча уурадап, тергөөчүнүн кеңсесинде чатак чыгарган жаран кармалды. Бул тууралуу  5-мартта Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.


18-февралда түштөн кийин бир киши кичи автобустагы жүргүнчүгө кол салган. Ал күч колдонуп, жабырлануучунун 10 миң сомун алып, изин суутуп кеткен.


Жабырлануучу милицияга кайрылып, бул факты  бирдиктүү реестрге катталган.


Бишкек ШИИБдин ыкчам кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү 1984-жылы туулган Н.А. кармалган. Ал Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматына жеткирилген.


Тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө,кармалган адам өзүн агрессивдүү алып, тергөөчүнүн столун жана компьютерин сындырып алган.

Ленин райондук соту аталган жаранды үй камагына чыгарган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн