Чын курандын 12, 2024
Убакыт: 18:31
USD
89.10
89.87
EUR
95.50
96.50
RUB
0.945
0.970

Каракол – Эңилчек унаа жолунун бир тилкеси кар көчкүдөн тазаланып, каттам ачылды

22.02.2024 15:02
579
Каракол – Эңилчек унаа жолунун бир тилкеси кар көчкүдөн тазаланып, каттам ачылды


Ысык-Көл облусунун Каракол – Эңилчек унаа жолунун бир тилкеси кар көчкүдөн тазаланып, эки тараптуу каттам ачылды. Бул тууралуу "Кыргызавтожол" мамлекеттик мекемесинен билдиришти.

Ведомствонун маалыматына ылайык, аталган унаа жолдун 47-48-чакырым аралыгында көлөмү 23 миң куб метрди түзгөн 3 көчкү түшкөн.

Жол №11 ЖТИ кызматкерлери тарабынан тазаланды. Азыркы учурда жолду кеңейтүү иштери жүрүүдө.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн