Баш оона 22, 2025
Убакыт: 06:14
USD
87.10
87.60
EUR
101.20
102.20
RUB
1.080
1.110

Каракол-Эңилчек унаа жолуна кар көчкү түштү

13.04.2023 10:06
869
Каракол-Эңилчек унаа жолуна кар көчкү түштү

12-апрелде 17:12 чамасында Ак-Суу районунда Каракол-Эңилчек унаа жолунун болжол менен 83-86-чакырым аралыктарында (Чоң-Ашуу ашуусу) кар көчкү түшүп, унаа жол эки тараптуу жабылган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, кырсык катталган жерге ыкчам топ жана №11 жол тейлөө ишканасынан 1 жүктөгүч жана 1 грейдер, 1 бульдозер тартылган.

Аталган тилкеге Ички иштер министрлиги тарабынан пост коюлуп, нөөмөт уюштурулган. Саат 23:30да унаа жол бир тараптуу ачылган.

Учурда тартылган техниканын жардамында унаа жолду толук тазалоо иштери жүргүзүлүүдө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн