Бугу 06, 2024
Убакыт: 03:26
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Каракол шаарында МГУнун филиалын ачуу пландалууда

19.07.2023 10:50
441
Каракол шаарында МГУнун филиалын ачуу пландалууда


Ысык-Көлдүн Каракол шаарында Москва мамлекеттик университетинин филиалын ачуу пландалууда. Бул туурасында билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев билдиргенин маалымат кызматы жазды.


Иманалиев министрликтин коллегиясында жасалып жаткан иштер маалымат берген.


"Башталгыч кесиптик билим берүү багытында кыргыз-орус, кыргыз-өзбек, кыргыз-кытай биргелешкен лицейлерин түзүү боюнча меморандумга кол коюлган. Сегиз колледж Алдыңкы тажрыйба борборлору болуп таанылды, Ош мамлекеттик университетинде Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин борбору ачылды. Ал эми октябрь айында Россия президентинин Кыргызстанга болгон сапары учурунда Москва мамлекеттик университетинин филиалын Караколдо ачуу жөнүндө келишимге кол коюлат", — деди Иманалиев.


Ошондой эле министр 2024-жылы Кыргызстандын билим берүү министрлигине 100 жыл толоорун айтып, "Билим бардыгына – мүмкүнчүлүктөр бардыгына!" деген ураан алдында Глобалдык форум өткөрүү мерчемделип жатканын кошумчалады.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн