Бугу 05, 2024
Убакыт: 07:30
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Каракол шаарында “Redmi 9” үлгүсүндөгү телефонду уурдаган жаран кармалды

12.10.2022 14:45
274
Каракол шаарында “Redmi 9” үлгүсүндөгү телефонду уурдаган жаран кармалды

Каракол шаарында “Redmi 9” үлгүсүндөгү телефонду уурдаган жаран кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, 23-сентябрь күнү арыз менен Каракол ШИИБне 1991-ж.т. Каракол шаарынын тургуну кайрылган. Арызында, ошол эле күнү болжол менен саат 18:00 чамасында Каракол шаарынын супермаркеттеринин биринде өзүнө тиешелүү болгон “Redmi 9” үлгүсүндөгү уюлдук телефонун белгисиз адам жашыруун түрдө уурдап кеткени жөнүндө билдирген. Келтирилген чыгым 17 000 (он жети миң) сомду түзгөн.


Аталган факт Каракол ШИИБнин КБРне катталып, Кыргыз Республикасынын КЖКнын 205 (Уурдоо) беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон. 


Тергөө-ыкчам иш-чараларынын натыйжасында, кылмышка шектүү катары 32-жаштагы Каракол шаарынын тургуну У.А. аттуу жаран аныкталып кармалган. Кармалган шектүүнү жеке текшерүү учурунда, уурдалган уюлдук телефон табылып, дадил зат катары тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилген. Алгачкы тергөө иштеринде, шектүү кылмыш боюнча күнөөсүн толугу менен мойнуна алган. 


Тергөө амалдары уланууда. 


          


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн