Бугу 05, 2024
Убакыт: 06:04
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Каракол шаарында сойкулук менен алектенген жарандар кармалды

23.12.2022 11:01
726
Каракол шаарында сойкулук менен алектенген жарандар кармалды

Каракол шаарында милиция кызматкерлери көмүскө жайды уюштурган жаранды кармашты. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат кызматы билдирет.


Маалыматка ылайык, Каракол ШИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмчөсүнүн ыкчам кызматкерлери сойкулук менен алектенүү үчүн көмүскө жайды уюштуруу жана кармоо боюнча шектүүнү кармашты. 

Үстүбүздөгү жылдын июль айында кылмыш иликтөө ыкчам кызматкерлерине Каракол шаарынын аймагында белгисиз аял сойкулук менен алектенүү үчүн көмүскө жайларды уюштуруп, кыздардын ыплас аракеттерине көмөктөшүп жаткандыгы туралуу ыкчам маалымат келип түшкөн.


Аталган маалымат Каракол ШИИБдин КБРне катталып, Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 160 (Сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүү) беренеси менен кылмыш иши козголгон. Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында сойкулук менен алектенүү үчүн көмүскө жай уюштурган аялдын өздүгүн аныктоо боюнча тергөө тапшырмалары берилген.  


Жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан ыкчам маалыматта фигуранттын ким экендиги аныкталды. Ал облустук борбордун тургуну, 55 жаштагы Б. Н. болуп чыкты.


Жакында милиция кызматкерлери тарабынан интимдик мүнөздөгү кызматтарды көрсөтүү боюнча көмүскө жай уюштурулган Каракол шаарындагы сауналардын биринде санкцияланган тинтүү иштери жүргүзүлдү. Тинтүү учурунда шектүү аялдан жана интимдик кызмат көрсөткөн беш кыздан  жалпы суммасы 4600 сом болгон алдын ала белгиленген акча каражаттары алынган. Мындан тышкары, далил катары сексуалдык кызматтарды көрсөтүү үчүн каражаттар алынган.


Каракол ШИИБдин тергөө кызматы тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында шектүүгө аялга карата айыбы угузулуп, сот тарабынан баш коргоо чарасы кабыл алынганча шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда тергөө амалдары уланууда.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн