Бугу 17, 2024
Убакыт: 12:37
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Карантинден улам Караколдогу зоопарк өзүн-өзү каржылай албай коомчулуктан жардам сурады

06.04.2020 16:35
872
Карантинден улам Караколдогу зоопарк өзүн-өзү каржылай албай коомчулуктан жардам сурады


Өлкө аймагына киргизилген өзгөчө абалга байланыштуу Каракол шаарындагы зоопарк кирешесиз калды. Бул тууралуу, “Бугу-Эне” коомдук фонду социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.


Маалыматка ылайык, зоопаркта 150дөн ашык жаныбарлар бар, учурда аларды багуу кыйынчылык жаратып жатканы айтылат.


Маалыматка таянсак, көпчүлүк жаныбарларды кооптуу кырдалдардан сакталган, бирок алар жапайы жаратылышта жашап кете албайт. Мындан улам “Бугу-Эне” коомдук фонду кайдыгер эмес жарандарды жардам берүүгө чакырат.


Ошондой эле, Караколдогу жаныбарлар паркында көзү көрбөй Таласт облусунан жеткирилген Жаабарс деген ысым алган ак илбирс бар экени да айтылат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн