Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында кечээ, 1-август күнү Тельман жана Турусбеков көчөлөрүнүн кесилишиндеги Каракол суусуна эркек киши (аты-жөнү такталууда) чөгүп кеткен.
ӨКМдин басма сөз кызматы билдиргендей, бүгүн, 2-августта жерине издөө-иштерин улантуу үчүн саат 07:10до Каракол шаардык №15 ӨКБдан 16 куткаруучу тартылып, саат 08:30да маркумдун жансыз денесин табышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн