Каракол суусуна 33 жаштагы киши чөгүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ак-Суу районунда 13-август күнү саат 20:46да Каракол капчыгайында 1987-жылы туулган эркек киши Каракол суусуна түшүп кеткен.
Издөө иштерин жүргүзүү үчүн КР ӨКМнин куткаруучулары тартылган. 14-август күнү улантылат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн